Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Британиянын атайын кызматы тыңчыларын чакыртып алууда


Британия Орусия менен Кытай жашыруун маалыматтарга ээ болгондон кийин бир нече өлкөдөгү тыңчыларын чакыртып алууда. Бул тууралуу британиялык маалымат каражаттары жазышты.

The Sunday Times гезитинин маалыматына ылайык, Москва менен Бээжинде адистер АКШнын чалгын кызматынын мурдагы офицери Эдвард Сноуден ачыкка жарыялап жиберген купуя документтердин коддорун табууга жетишти.

Ал файлдарда британиялык жана америкалык тыңчылардын ишмердиги тууралуу документтер камтылган. Натыйжада Британиянын МИ-6 чалгындоо кызматы “кас өлкөлөрдөн” кызматкерлерин чакыртып алганы айтылат. Бирок басылма кайсы мамлекеттер тууралуу кеп болгонун тактаган жок.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ жана Британиянын тыңчыларынын программалары тууралуу маалыматтарды интернетте жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кеткен. Орусия ага убактылуу баш паанек берген.

XS
SM
MD
LG