Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Грузияда 15-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды


Зоопарктан качып кеткен бегемот шаар аралап жүрөт. Тбилиси, 14-июнь, 2015-жыл.
Зоопарктан качып кеткен бегемот шаар аралап жүрөт. Тбилиси, 14-июнь, 2015-жыл.

Бүгүн Грузия эли суу ташкынында курман болгондорду эскерип, аза күтөт. Соңку маалыматтарга караганда, селден каза тапкандардын саны ондон ашты. Дагы 24 адам дайынсыз болууда.

Тбилиси шаарында 13-июндун кечинде жааган нөшөрдөн улам ондогон үйлөрдү суу каптап, жолдорду, электр зымдарды керектен чыгарды. Шаарда жайгашкан зоопарк талкаланып, жолборс, арстан, аюу, карышкыр сыяктуу жапайы жаныбарлар качып кеткен. Азыр канча жырткыч эркиндикте жүргөнү белгисиз.

Президент Гиоргий Маргелашвили кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, калыбына келтирүү иштери мүмкүн болушунча тез башталарына убада берди.

- Өлгөндөрдүн туугандарына терең көңүл айтам. Жакын адамыңды капилеттен жоготуу өтө чоң трагедия. Кырдаал оңой эмес, бирок аны жөнгө салабыз. Эң өкүнүчтүүсү, ажал алып кеткендерди кайтара албайбыз,- деди Маргелашвили.

XS
SM
MD
LG