Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

“Ал-Каиданын” Ливиядагы лидерлеринин бири өлтүрүлдү


Мухтар Белмухтар.
Мухтар Белмухтар.

АКШ бийлиги Ливияда “ал-каидачылар” байыр алган аймакка абадан сокку урулганын билдирди. Пентагондун маалыматына ылайык, өлкө чыгышындагы Аждабия калаасында согушкерлердин турумдары бутага алынды. Операцияда аталган террордук топтун лидерлеринин бири Мухтар Белмухтар жана экстремист деп шектелген бир катар кишилер мерт кетти.

Белмухтар 2013-жылы Алжирде кыркка жакын адамдын өмүрүн алган экстремисттик кол салууну уюштурганы кабарланган.

Ливияда 2011-жылы Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан бери толук бейпилдик орной элек. (SE)

XS
SM
MD
LG