Жазуучу, публицист Аман Саспаев 86 жаш курагында, 15-июнда каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун калемдештери кабарлашты.
Аман Саспаев1929-жылы 15-октябрда Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Атасы каза болгондон кийин апасы менен үркүндөн кийин Кытайда калган бир туугандарына барып жашап, Кыргызстанга 1962-жылы кайткан. Болочок жазуучу бала кезинен кытай, уйгур тилдерин мыкты өздөштүргөн. Пекинде билим алып, алгач мугалим, уйгур тилдүү “Инкылобы Шарки Туркестан” гезитинде кабарчы, редактор болуп эмгектенген.
Ата Журтуна кайтып келген соң Кыргызстан Жазуучулар бирлигинде адабий кеңешчи, Ысык-Көл облустук гезитинде кабарчы болгон.
Москвадагы Максим Горький атындагы жогорку адабий курсун аяктаган. Жазуучу өмүрүнүн акырына чейин Каракол шаарында жашап, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде иштеди.
Аман Саспаев кыргыз, казак жана уйгур тилдеринде жазган. “Мальва” аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы 1966-жылы эне тилинде жарык көргөн. Окурмандарга ал “Парторг” романы, “Сарала ит”, ”Тоо чабалекейи” "Татым туз" өңдүү ондогон чыгармалары, кыргыз-кытай сөздүгү аркылуу таанымал. (ZA)