Кайрылууда Улуттук оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевден “Вечерний Бишкек” басылмасына жана УОК мүчөсү Уран Ботобековго карата саясий кысымды токтотууну талап кылган. УОК президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрам Илмияновдун “Вечерний Бишкек” басма үйүнө караштуу “Кабар Ордо” сайтын сотко берген кадамын кескин түрдө айыптайт.
“Вечерний Бишкек” басылмасынын тегерегинде жүрүп жаткан соттук териштирүү аяктай электе президенттин жакындары Илмиянов менен Мамбеталиев гезитти колдогон саясатчылар менен жарандык активисттерди сотко берип, аларга саясый кысым көрсөтүүдө" деп жазылат кайрылууда.
Ошондой эле "бийлик “Вечерний Бишкекти” рейдерлик жол менен басып алууну көздөөдө. Мындай ыплас саясат Кыргызстандагы демократияга жана басма сөз эркиндигине каршы келет" деп эсептейт оппозициялык кыймыл.
Икрам Илмиянов “Вечерний Бишкекти” сотко берип, Свердловск райондук соту ишти 24-июнда карамай болду. Маалыматка караганда, президенттик аппараттын башчысынын мурунку биринчи орун басары Икрам Илмиянов “Вечерний Бишкекке” таандык Kabar.ordo сайтына 30-апрелде жарыяланган Уран Ботобековдун маегинде айтылгандар ар-намысыма доо кетирди деп, аларды төгүндөөнү жана моралдык зыян үчүн 5 млн. сом төлөтүүнү соттон талап кылган.
“Вечерний Бишкек” гезитин президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев да сотко берип, ал моралдык зыян тартканы үчүн 50 млн. сом төлөөнү талап кылган. (TSh)