Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Грузия аза күтүүдө


Грузия бүгүн Тбилисидеги суу ташкындын курмандыктарын эскерип, аза күтүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик желек түшүрүлдү. Соңку эсеп боюнча, суу ташкындан ажал тапкандар 15 кишиге жетти, дагы 20 чакты адамдын дайыны чыкпай жатат. Мындан тышкары 37 адам ар кандай жаракат менен ооруканага кайрылган. Дайынсыз жоголгондорду издөө уланууда.

Суу ташкындан Тбилисинин зоопаркы да талкаланып, андагы жолборс, арстан, карышкыр сыяктуу жырткыч жаныбарлар качып кеткен. Алардын айрымдары кырсык учурунда өлсө, дагы бир тобун полиция атууга мажбур болгон. Дагы бирлери зоопаркка кайтарылды. Бирок канча жаныбар качканы алиге белгисиз. Андыктан бийликтер шаар тургундарын алардын баары кармалмайынча этият болууга чакырды.

14-июндагы өкмөттүн чукул жыйынында премьер-министр Ираклий Гарибашвили өкмөт бул кырсыктан жабыркаган ар бир үй-бүлөгө жардам берерин убада кылды. Финансы министри Нодар Хадури кырсыктын чыгымын болжол менен 40 миллион лариге, же 18 миллион долларга баалады.

Европа Биримдиги кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Грузияга кол сунууга даяр экенин билдирди. Премьер Гарибашвили Латвия, Армения, Азербайжан, Түркия жана Украин өкмөттөрү да жардам берүүгө даярдыгын билдиргенин айтты.

13-июндун кечинде Тбилисиде катуу нөшөрдөн кийин Вере дарыясы ташкындап, ондогон үйлөрдү суу каптаган, жолдор жана электр линиялары керектен чыккан.

XS
SM
MD
LG