Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Чынара Адамкулова КУУнун ректору болуп дайындалды


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин ректору болуп Чынара Адамкулова дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Адамкулова бүгүн окуу жайдын жамаатына тааныштырылды. Ошондой эле жаңыдан дайындалган ректорду бүгүн премьер-министр Темир Сариев кабыл алды. Өкмөт башчы аталган окуу жай реформага муктаж экенин билдирди.

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорун шайлоо 2014-жылдын 18-октябрында өткөн. 

Шайлоонун жыйынтыгында эң көп добуш алган Илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев, Улуттук университеттин Кыргыз-европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова жана ушул эле университеттин Кыргыз-кытай институтунун директору Болот Токтобаевдин талапкерлиги өкмөт башчынын кароосуна жиберилген. 

 

XS
SM
MD
LG