Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Москва АКШ Чыгыш Европага оор курал алып келери тууралуу маалыматтарга азырынча жооп бербейт


Кремлдин өкүлү АКШ Чыгыш Европада эми оор куралдарды сактоону мерчемдеп жатат деген маалыматтарды комментарийлөөдөн баш тартты. Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, расмий Москва бул маселе боюнча позициясын АКШдан расмий билдирүү болгондон кийин гана комментарийлейт.

Бирок Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү АКШнын пландалып жатат деген бул чарасын "Пентагон менен НАТОнун кансыз согуш доорунан берки эң агрессивдүү кадамы" катары сынга алды.

“Нью-Йорк Таймс” басылмасы мунун алдында АКШ Чыгыш Европанын жана Балтиканын бир нече өлкөсүнө эми танктарын, кургактагы аскерлердин брондуу унааларын жана башка оор техникасын жайгаштырууну мерчемдеп жатканын америкалык жана ага өнөктөш өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап жазып чыккан.

Маалыматка караганда, аймакка алып келинүүчү ал аскерий техника менен оор куралдар эң көп дегенде 5000 аскерге жете турган болот.

XS
SM
MD
LG