Орусиядагы белгилүү ырчы Жанна Фриске каза тапканын журналисттерге анын атасы Владимир Фриске билдирди. Бирок ал каерде жана качан көз жумганы ачык айтыла элек.
2013-жылдын ортолорунан тарта Жанна баш мээдеги шишик оорусу менен жабыркап келаткан болчу. Ал дүйнөнүн бир катар мыкты клиникаларында дарыланды. Дарыгерлер ырчы сакайганын, мындан ары ден соолугуна эч кандай коркунуч жок экендигин белгилеп жатышкан эле.
Жанна Фриске Орусиядагы “Блестящие” деп аталган топто 1996-жылдан 2003-жылга чейин ырдап жүргөн. Андан соң жеке ырчы катары таанылган. Ошондой эле бир катар тасмаларда да роль жараткан. Жакында 41 жашка чыкмак. (SE)