Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Оштогу жылуулук ишканаcынын кызматкерлери президентке кайрылды


Оштогу райондор аралык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурунку жетекчиси Кубанычбек Турдубаевге байланыштуу кылмыш иш Ош шаардык сотунда төрт жылдык териштирүүдөн соң аягына чыкты. Ага карата 30 эпизод боюнча козголгон кылмыш иши кыскарып отуруп, үч берене боюнча өкүм окулду. Сот чечимине ылайык, Турдубаев 6 жылга жатак абакка кесилип, анын бир жарым жылы сыноо мөөнөтү деп аныкталды. Эгер бул аралыкта башка кылмыш жасабаса, өкүм күчүн жоготот.

Буга мекеменин айрым кызматкерлери нааразы болуп, президентке кайрылышты. Алар сот өкүмүнө аткаминерлердин кийлигишүүсү таасир эткенин болжоп атышат.

Кубанычбек Турдубаевдин үстүнөн 2011-жылы жасалма документтер аркылуу мамлекеттик мүлктөн бир жарым миллион сом уурдаган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Өзү муну четке кагып келген. Төрт жыл аралыгында 38 жолу сот отуруму болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG