Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

“Ал-Каиданын” #2 деп эсептелген лидери өлтүрүлдү

Йеменде АКШ күчтөрү урган соккудан “ал-Каида” экстремисттик тобунун лидерлеринин бири, “Номур экинчи” башчы атыккан Насир ал-Вухайси өлтүрүлгөнүн CNN агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, убагында Усама бен-Ладендин жакын кеңешчиси болгон Вухайси Хадрамаут районунда 12-июнь күнкү чабуулда каза тапкан. Азырынча “ал-Каида” бул тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

Ал-Вухайси топту башкарууда Айман ал-Завахириден кийинки тепкичте болгон. АКШда террордук аракеттерди ишке ашырууга шектелип, издөөгө алынган эле. (SE)

​
XS
SM
MD
LG