Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Сузакта жаңы аким шайланды


Райондун жаңы акимин шайлоо 15-июнда өтүп, ага 5 талапкер ат салышты. Жыйынтыгында райондогу жергиликтүү кеңештин 334 депутатынын көпчүлүгүнүн добушу менен Абдумуктар Маматов райондун акими болуп шайланды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Буга чейин Маматов райондогу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Райондун мурдагы акими Нурболот Мирзахмедов өз арызынын негизинде Кыр-Жолдогу жер көчкүнүн эртеси күнү кызматтан кеткен болчу. Жаңы шайланган аким эми премьер-министр дайындаган соң кызматына киришет. (RsK)

XS
SM
MD
LG