Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Жалал-Абаддын негизги стадиону капиталдык оңдоодон өтүүдө


Шаардын борбордук “Курманбек” атындагы стадионун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар мэри Салайдин Авазов билдирди. Стадионду капиталдык ондоого шаар казынасынан 35 млн. сом каражат бөлүнүп, анын негизинде отургучтар, оюн талаасы жаңыртылат. "Каражат негизинен шаар казынасындагы көмүскө бизнес ачыкка чыгып, бюджет көбөйгөндүгүнүн эсебинен жүргүзүлүүдө", – дейт Авазов.

Шаардын стадиону 1966-жылы курулуп, 2001-жылы Жалал-Абадда белгиленген Курманбек баатырдын 500 жылдыгында бир аз оңдоодон өтүп, баатырдын ысмы ыйгарылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG