Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Олимпиада комитетинин президенти Бишкекке келет


Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах

Бүгүн түштөн кийин Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Азиянын Олимпиадалык кеңешинин президенти Шейх Ахмад Ал-Сабах Бишкекке келишет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Анын айтымында, эки күндүк иш сапарынын алкагында Эл аралык Олимпиада комитетинин жана Азиянын Олимпиадалык кеңешинин президенттери Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов баш болгон бир катар спорт коомчулугу менен жолугушуп, Улуттук Олимпиадалык комитеттин музейинин ачылыш аземине катышат.

Кыргызстандын президенти Алмабек Атамбаев менен жолугушары да күтүлүүдө. Ошондой эле бүгүн кечки саат сегизде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо боло турган Кыргызстан менен Австралиянын футбол курамаларынын беттешин көрөрү пландалууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG