Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Сирияга согушканы кеткендердин саны миңге жетиши мүмкүн


Бул тууралуу Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин, "Талибан" жана "Ислам мамлекети" террордук топторунан келчү коркунучтарга каршы турууну талкуулаган тегерек столдо Коргоо кеңешинин катчылыгынын өкүлү Рыспек Абдысатаров билдирди.

Анын айтымында, расмий маалыматтар боюнча, Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Кыргызстандан 350дөн ашык киши кеткен. Бирок расмий эмес маалыматтар кеткендердин саны мындан да көп болгонун тастыктоодо.

"Алардын саны миңдин тегерегинде болушу мүмкүн. Сирияга негизинен түштүк аймактардан кетишүүдө", - деди Рыспек Абдысатаров. (ZMa)

XS
SM
MD
LG