Түркия менен чек арадагы Тел-Абьяд шаарчасы ээленгени сириялык күрддөрдүн аскерий бирикмеси - “Элдик өзүн-өзү коргонуу комитетинин” (YPG) интернеттеги баракчасында айтылат.
Бул маалыматты Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да ырастап, күрддөр шаарчанын басымдуу бөлүгүнө көзөмөл орноткону менен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери каршылык көргөзгөн жерлер бар болгонун да кошумчалады.
Күрд күчтөрүнө АКШ баштаган коалиция аба соккулары аркылуу колдоо көрсөттү.
Тел-Абьяддын ээлениши күрддөр 900 чакырымга созулган Сирия – Түркия чек арасынын 400 чакырымын көзөмөлдөп калды дегенди туюндурат. Сирия –Түркия чек арасы “Ислам мамлекети” радикал тобунун катары чет элдик согушкерлер менен толукталышында маанилүү роль ойногон.
Тел-Абьяд “ИМ” тобунун согушкерлери үчүн куралды жана мунайды аткезчилик жол менен ташууда транзиттик түйүн катары да кызмат кылчу. Анын айланасындагы уруштардан улам Сириядан Түркияга 18 миңден ашуун качкын ооп келген. (UE)