Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Футбол: Кыргызстан-Австралия беттеши 1:2 менен аяктады


Кыргызстан - Австралия беттешинен бир көрүнүш. 16-июнь, 2015-жыл.
Кыргызстан - Австралия беттешинен бир көрүнүш. 16-июнь, 2015-жыл.

Кыргызстандын улуттук курамасы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн австралиялык футболчуларды кабыл алып, оюн 1:2 эсебинде Австралиянын пайдасына аяктады. Кыргызстандын жалгыз голун кошумча убакытта Азамат Байматов киргизди.

Эки команданын таймашы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өттү.

18 миң көрөрманга ылайыкташкан стадион толуп, бирок билет сатып алган жүздөгөн кишилер сыртта калды. Алардын ордун билети жок жарандар ээлеп алганы үчүн сыртта нааразылык билдиришти.

Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр арасындагы тандоодо В тайпасында ойноп жатат. Топто Австралия, Тажикстан, Иордания жана Бангладеш да бар.

Кыргыз футболчулары 11-июнь күнү Дакка шаарында Бангладеш курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алган. (SE)

XS
SM
MD
LG