Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Австралия машыктыруучусу: Бишкекте оор оюн болорун билгенбиз


Кыргызстан -Австралия курамаларынын мелдеши. 16-июнь, Бишкек.
Кыргызстан -Австралия курамаларынын мелдеши. 16-июнь, Бишкек.

Кыргызстан менен Австралия курамаларынын Бишкектеги мелдеши 1:2 эсебинде Австралиянын жеңиши менен аяктады.

Австралиялыктар эсепти 2-минутага жетпей эле ачып, ал эми 78-минутада экинчи голду камсыздаса, Кыргызстан командасынын капитаны Азамат Байматов акыркы голду кошумча убакытта 90-мүнөттө киргизүүгө жетишти.

Австралиянын курама командасынын башкы машыктыруучусу Анге Постекоглу (Ange Postecoglou) австралиялык foxsports.com.au интернет баракчасына оюндун жыйынтыгын комментарийлеп жатып, “бизди топту оңой эле алдырып жибердик, бул биздин оюнчулар үчүн чоң тажрыйба болду, биз мындан өсөбүз, биз бул оор оюн болорун билгенбиз”,- деп айтты.

Ал эми Кыргызстан дарбазасына топ киргизген оюнчулардын бири Миле Единак (Mile Jedinak) ушул эле интернат сайт менен маегинде “бул жердеги күйөрмандарга ыраазчылык, алар эң сонун маанай жаратышты”,- деп белгиледи.

Кыргызстан –Австралия курамаларынын 16-июндагы мелдеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өттү.

Кыргызстан курамасы Азия чемпиону Австралия менен өлкө эгемендигинин тарыхында биринчи ирет беттешти. (UE)

XS
SM
MD
LG