Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Грузияда суу ташкын курмандыктарынын саны жыйырмага чамалады


Селден кийинки тазалоо иштери
Селден кийинки тазалоо иштери

Тбилисиде суу ташкынынын курмандыктарынын саны 19 кишиге жетти. Алардын баарынын тек-жайы аныкталды. Дагы алты адам дайынсыз болууда. Издөө иштери уланып жатат.

Грузиянын борборунда 13-июндун кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Вере дарыясы ташкындап, ондогон үйлөрдү суу каптаган. Шаарда жайгашкан зоопарк талкаланган. Сыртка чыгып кеткен арстан жана жолборстордун баары өлгөнү, айрым жаныбарлар кармалганы кабарланууда.

Табигый кырсык калаага 44 миллион долларлык зыян алып келди. Европа биримдиги сел кесепетин жоюуга каржылык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG