Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер кармап алган журналист, “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Павел Каныгин бошотулду. Ал 16-июнь күнү Донецкте колго түшкөн эле. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматына кабарлаган журналист кармоо учурунда сабалганын билдирди.
Павел Каныгин өткөн жылы Славянскта да жикчилердин колуна түшкөн эле.