Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Ак-Суунун Сырт өрөөнүнө жол ачыла элек


Ысык-Көл облусунун 12-июнда калың кар түшкөн Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүнө унаа үчүн жол ачыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы үч күндөн бери 4 чакырымга жакын жер тазаланды. Жолду толук ачуу үчүн дагы 4 чакырымдай жердеги кар алынышы керек.

Асанов чабандар жайлоого ат менен каттап жатышканын, унаа өтө албаганына байланыштуу канча мал кырылганы жана чабандардын жашоо-шартынан толук кабар алууга мүмкүнчүлүк боло электигин айтты.

Буга чейин калыңдыгы 1 метрге жеткен кардан болжол менен 20дан ашык бодо мал, 200гө чукул кой-эчки кырылганы кабарланган. (AsA)

XS
SM
MD
LG