Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Футболго кирбей калгандарга билеттин акчасы кайтарылат


Бул туурасында “Азаттыкка” Футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңкелбес Мусаев билдирди. Анын айтымында, эртең 18-июндан тарта билет алып, бирок оюнга кире албай калган жарандардын акчалары кайтарылып берилет. Бул үчүн жарандар Футбол федерациясынын кеңсесине келип, айрыгы жок, бүтүн билеттерин тапшырышы керек. Федерация билетте кандай баа көрсөтүлсө ошол сумманы гана төлөп берет.

Кыргызстан менен Австралиянын футбол таймашына билеттер Футбол федерациясында 150 сомдон 500 сомго чейин сатылган. Билеттер оюнга бир күн калганда толугу менен сатылып кеткен. Алардын көпчүлүгүн алып сатарлар алып кетип, оюн күнү анын баасы 1000 сомго чейин чыккан.

Футболго билет алып, кире албай калгандардын саны болжол менен 3-4 миңди түзөрү айтылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG