Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Футбол күйөрмандары прокуратурага жана УКМКга кайрылганы жатат


Футбол күйөрмандары Футбол федерациясынын алдына чогулуп, билет үчүн акчасын талап кылышты.

Алар укук коргоо органдарына арыз жазып, эмне үчүн федерация ушунча билет басып чыгарып, бирок күйөрмандарды стадиондо орун менен камсыз кыла албай калганын билгилери келет.

Күйөрмандар акча үчүн эмес, ушундай мамиле үчүн кабатыр болуп жатканын билдирип жатышат.

Федерациянын өкүлү күйөрмандардан кечирим сурап, билетке төлөнгөн акча кайтарыларын айтты. Ал уюштуруу иштеринде алешемдиктер боюнча фактылар чогултулуп жатканын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG