Түндүк Корея бийлиги өлкө акыркы жүз жылдан берки катуу кургакчылыкка кабылганын, бул өлкөдө азык-түлүк тартыштыгына алып келиши ыктымалдыгын айтып чыкты. Мамлекеттик KCNA жаңылыктар агенттиги жамгыр жаабагандыктан өлкөдөгү шалы аянттары кургап баратканын, чыгымды азайтуу үчүн кургакчылыктан жабыркаган аймактардагы күрүч талааларына башка эгин айдаса болорун билдирди.
Күрүч өсүп жетилиши үчүн көп суу керектелет. Өлкөдө 1990-жылы да ачарчылык каптап, анын капшабына кабылган миңдеген адам каза тапкан.
Бириккен Улуттар уюму болсо бул кургакчылык башталардан мурда эле өлкөдөгү тамак-аш жетишсиздигине, өзгөчө балдардын курсагы тойбогонуна тынчсыздануу билдирген. Уюмдун маалыматы боюнча, Түндүк Кореяда беш жашка чейинки балдардын үчтөн бир бөлүгү тамак-аш тартыштыгынан жабыркайт.