Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин эшигинин алдына белгисиз адамдар жаңы төрөлгөн эркек баланы таштап кетишкен. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Аны таап алган жарандар милицияга кабарлап, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. (RsK)