Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Египет соту Мурсини өлүм жазасына тарткан өкүмдү күчүндө калтырды


Египет -- экс-президент Мурси сот залында. Каир, 16-июнь, 2015.
Египет -- экс-президент Мурси сот залында. Каир, 16-июнь, 2015.

Каирдин соту Египеттин мурдагы президенти Мохаммед Мурсини өлүм жазасына тартуу өкүмүн күчүндө калтырды. Ал 2011-жылкы көтөрүлүш учурунда жергиликтүү абакта отурган айыпкерлердин жапырт качышына жана полицияга кол салууларга тиешеси бар деп айыпталууда. Ал кезде армияны жетектеп турган президент Абдел Фаттах ал-Сиси 2013-жылдын жайында Мурсини бийликтен кулатып, ошондон бери анын тарапкерлерине каршы күрөшүп келатат.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун өкүмгө байланыштуу камтамасын билдирип, бул кадам өлкөдө туруктуулук орнотуу аракеттерине залакасын тйигизиши мүмкүн деди.

Өткөн айда Египеттин соту экс-президент Мурси менен дагы 100 чакты кишини өлүм жазасына өкүм кылган. Кечээки сот ошондой эле демократиялык жол менен шайланган алгачкы президентти тыңчылык үчүн айыптады. Анын адвокаттары соттун бул өкүмүн эми жогорку инстанцияда талаша алат.

XS
SM
MD
LG