Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Кегети капчыгайында адашып калган америкалык эки альпинист табылды


Кегети капчыгайынын башталышы
Кегети капчыгайынын башталышы

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Экөө тең АКШ жарандары. Маалыматка ылайык, 17-июнга караган түнү АКШ консулдугу эки жаран дайынсыз жоголгону тууралуу министрликке кабарлаган. Дээрлик бир сутка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө альпинисттер 380 метрлик бийиктиктен табылган. Алар Бишкекке жеткирилди. Олуттуу зыян көрүшкөн эмес.

Кегети капчыгайы Чүй өрөөнүндө, борбор калаадан 80-90 километрдей алыста жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG