Быйыл январь-июнь айларынын аралыгында Кыргызстанда балдардын катышуусунда 450дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 25 жеткинчек дүйнө менен кош айтышты. Дагы 512 бала түрдүү жарааттарды алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык Жол кайгуул кызматынан кабарлашты.
Бүгүн аталган мекеме Бишкек шаарында “Абайлагыла, балдар!” деген аталышта велоакция уюштурат. Катышуучулар Панфилов сейил багынан Фрунзе, Манас, Москва жана Жусуп Абдырахманов көчөлөрү аркылуу аянтка келишет. Аларды жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү жана “Тез жардам” унаасы коштоп жүрөт. Акция саат 10до башталат.
Велосипедчендер балдарды коргоого чакырык жазылган футболка кийип алышат. (SE)