Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Соттор кеңеши Конституциялык палатанын судьясын тартипке чакырууну карайт


Жарандык активист Наргиза Нанакееванын кабарлоосуна караганда, Кыргызстандын Соттор кеңеши бүгүн саат 2де Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын маселесин карайт.

Судья Клара Сооронкулова биометрикалык маалыматтарды топтоонун Конституцияга туура келер-келбеси боюнча жарандык коомдун өкүлдөрүнүн арызын карап жаткан. Сооронкулова маселени Конституциялык палатага алып чыгууга даярдык көрүп жаткан учурда ага басым болгонун билдирип, Москвадан келген адис биометрикалык маалыматтарды топтоо Конституцияга каршы келерин аныктаганын билдирген.

Судьянын мындай билдирүүсүнөн кийин биометрикалык маалыматтар боюнча мыйзамды кабыл алган парламенттин юристи Клара Сооронкулованы ишти кароодон четтетүүнү талап кылган. Конституциялык палата Жогорку Кеңештин юристинин талабын канааттандырган. Эми парламент өкүлү судья Клара Сооронкулованын маселесин Соттор кеңеши карап чыгышына аракеттенүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG