Бул тууралуу 18-июнда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Орусиялык компания Жерүй боюнча конкурсту май айында утуп алган. Конкурстун шартына ылайык ал дароо 10 млн. доллар которгон. Андан кийин 22-июнга чейин дагы 90 млн. доллар которууга тийиш. Бирок азырынча акча которула элек.
Жерүй алтын кени жайгашкан Талас облусунун айрым тургундары экологиялык себептерге байланыштуу кендин иштетилишине каршы чыгууда.
16-июнда “Ата Мекен” партиясынын Талас облустук конференциясында Жерүй цианидсиз иштетилсин деген чечим кабыл алынды. (AiT)