Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Copa America-2015: Аргентина утуп, Бразилия утулду


Ушул күндөрү Чилиде өтүп жаткан Латын Американын футбол боюнча чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи айлампасы ойнолууда. Алгачкы оюнда Перуну 1:2 эсебинде уткан Бразилия бул саам Колумбияга үч упайын тарттырып жиберди. Ал эми Аргентина чемпионаттагы алгачкы жеңишин майрамдап жатат. Талаа ээлери Чили “А” тайпасында төрт упай менен көч баштады.

Эртең тайпалык оюндардын акыркы айлампасы башталат. Алдыда Бразилия Венесуэла менен ойносо, Аргентина Ямайка менен үч упай талашат.

Букмекерлердин божомолу боюнча Бразилия жана Аргентина Америка кубогун жеңип чыгууга башка командалардан мүмкүнчүлүгү жогору. (SDz)

XS
SM
MD
LG