Чек ара кызматынын кабарлоосуна караганда, кыргыз-кытай чек арасы 20-июндан 22-июнга чейин жабылат. Мындай чечим Кытайда күрүч майрамы белгиленишине байланыштуу кабыл алынган.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында Торугарт жана Эркештам өткөрмө бекеттери бар. Бул бекеттерде автоунааларга жол 23-июндан тарта ачылат. (AiT)