Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кыргызстанда СПИД жуктургандардын саны 8 миң кишиге жетти

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда бүгүн билдирди. Бул илдеттен каза тапкандардын саны 1173 болду. СПИД илдетин жуктуруп алгандардын 54% баңгилер. Бирок акыркы жылдары вирусту жыныстык жол менен жуктуруу көбөйүп баратканын министр белгиледи. 2013-жылы жыныстык жол менен СПИДди жуктургандар 57% түзсө, 2014-жылы 62%дан ашып кеткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG