Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Бельгияда Орусиянын өкмөттүк активдери камакка алынууда


Бельгияда Орусияга караштуу компаниялар, мекеме-уюмдардын баарына алардын мүлкү ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы акционерлеринин доосунун негизинде камакка алынары маалымдалды.

Сот аткаруучулардын токтому таратылган тизмеде Орусиянын дипломатиялык иммунитет менен корголгон элчилиги гана жок. Маалымдама Бельгияда орусиялык мекеме-уюмдарды тейлеген банктарга да жөнөтүлдү.

Орус маалымат агенттиктери кабарлагандай, активдердин камакка алынуусу Бельгиянын арбитраждык сотунун чечимине негизделип жатат. Сот Yukos Universal Limited компаниясынын пайдасына Орусиядан 1,6 миллиард евро өндүрүлүшүн колдогон.

ЮКОС мунай компаниясы анын он жыл түрмөдө олтуруп чыккан мурдагы башчысы Михаил Ходорковский 2003-жылы камакка алынгандан кийин жоюлган.

Компаниянын активдери Орусия сотунун чечим менен сатылып, басымдуу бөлүгү мамлекеттик «Роснефть» ишканасынын колуна тийген эле. Компаниянын мурдагы акционерлери Орусияны бир нече эл аралык сотто утуп алышкан.

Маселен, Гаагадагы эл аралык арбитраж былтыр июлда орус өкмөтү ЮКОСтун мурдагы акционерлерине 50 миллиард доллар төлөп берүүсүн караган чечим чыгарган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG