Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:06

Түптө акимди кызматтан кетирүү талабы коюлууда


Түп районунун кошмо жыйынында депутаттар аким Ишен Кожалиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышканын кошмо жыйындын төрагасы Бактияр Иманбеков “Азаттыкка” билдирди. Депутаттар акимиатта социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Тамара Оторбаева 20 жыл эмгек стажын мыйзамсыз коштуруп жаздырганын, райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси кош жарандык менен жүргөнүнүн жана “Мээрим булагы” балдар үйүнөн балдарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аким баш болгон комиссия документ даярдап бергенин айтууда. Мындан сырткары, Ишен Кожалиев айылдык кеңештин депутаттарын экиге бөлүп, сын айткандарын куугунтукка алып жатканын билдирди. Акимдин мындай аракеттерине нааразы болгон райондогу айыл өкмөттөрдүн депутаттары 21-июнда жыйынга чогулуп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылууну мерчемдешүүдө.

Түп районунун акими өзүнө карата айтылып жаткан дооматтарды четке кагып, райондук администрациядагы кызматкерлер мыйзамсыз иштеп жаткан болсо укук коргоо органдары териштириши керек деди. Ал эми аны кызматтан кетирүү демилгеси жеке кызыкчылыктардан улам көтөрүлүп жатканын айтууда. (AsA)

XS
SM
MD
LG