Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев бүгүн билдиргендей, эгер Евробиримдик экономикалык санкцияларын узартаса, алардын айыл-чарба продукциясына каршы ушундай эле чарага Орусия да барат.
“Биз кво-макамын гана сактайбыз, айыл-чарба продукциясына эмбарго санкциялык режимге жооп катары киргизилген”,- деди Улюкаев РИА-Новости агенттигине.
Былтыр Москва Евробиримдиктен, Кошмо Штаттардан жана Крымдын аннексиясынан улам Орусияга санкция киргизген башка өлкөлөрдөн сүт азыктарын, эт, балык, быштак, жашылча жана жер-жемиш импорттоого тыюу салган.
Евробиримдик Орусиянын энергетика, каржы жана аскерий чөйрөлөрүнө каршы буга чейин киргизилген санкцияларды 22-июнда дагы алты айга узартары күтүлүүдө. (UE)