АКШнын Башкы прокуратурасы Түштүк Каролина штатында, афро-америкалыктардын 150 жылдык тарыхы бар чиркөөсүндөгү кан төгүүнү жек көрүүчүлүк негизинде жасалган кылмыш катары баалап, тергөө баштады.
Ал эми полиция ок ачты деген шек менен кармаган жигит 21 жаштагы Дилан Руф экени кабарланууда.
Чиркөө жайгашкан Чарльстон шаарынын полиция башчысы Грегори Малендин айтымында, кылмышка шектүү Түндүк Каролина штатынын аймагынан кармалып, камакка алынды.
Ал өмүрүн кыйган алты аял, үч эркектин арасында чиркөөнүн пастору жана штат Сенатынын Демократиялык партиядан мүчөсү да бар.
Чиркөөдөгү ок атуу боюнча бүгүн президент Барак Обама атайын билдирүү жасары күтүлүүдө.
Чарльстондо кечээ кечинде болгон кан төгүү 1963-жылы Алабама штатынын Бирмингем шаарындагы чиркөөдө жасалган бомба жардырууну эске салды.
Төрт кыз мерт болгон ал окуя 1960-жылдары жарандык укуктар боюнча кыймылды жандандырган. (UE)