Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Ошто кесиптик кошуун өкүлдөрү акцияга чыгарын айтууда


Ошто тармактык кесиптик кошуун өкүлдөрү бүгүн, 19-июнда уюмдун төрагасын шайлоо өнөктүгү учурунда нааразылык акциясына чыгарын билдиришти. Митинг облустук кесиптик кошуундар имаратынын алдында өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мамлекеттик университетинин ушул тармактагы адиси Абжапар Аккулов кабарлады.

Алар облустук кесиптик кошуун уюмунун төрагасын шайлоодо эрежелер так сакталбай жатканын, уюмга караштуу мүлк мыйзамсыз сатылып келатканын жана айрым ижара акылары тууралуу ачык-айкындуулук жок экендигин билдирүүдө.

Ош облустук кесиптик кошуундар уюмунун төрагасын шайлоо бүгүн саат 9:30да башталат. Анда ар тармактан келген 66 өкүл өздөрү ылайыктуу көргөн кишилердин талапкерлигин коюп, шайлашат.

Уюмга акыркы он жылдан бери Тайлакбай Мусаев төрагалык кылууда. Ал нааразылык акциясы тууралуу кабардар экенин, бардык мыйзам талаптары сакталып жатканын билдирди. (YI)

XS
SM
MD
LG