Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Орусияда кыргыз жараны полицияга бычак шилтегени үчүн камалды


Москва шаардык Ички иштер башкармалыгы бийлик өкүлүнө кол салганы үчүн кыргызстандык 36 жаштагы жарандын үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 15-июнда кечке жуук Таган районундагы үйлөрдүн биринде болгон. Жергиликтүү тургундун чакыруусу менен тартип сакчылары келген учурда мас жаран аларга каршылык көрсөтүп, бир полиция кызматкеринин ичине бычак сайганга аракет кылган. Иликтөө учурунда ал Кыргызстандан барганы аныкталган.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайында отурат. (SE)

XS
SM
MD
LG