Парламент кабыл алган бул мыйзамга ылайык 18 жашка толо элек балдар шаар көчөлөрүндө, стадион, парк, коомдук унаа, бекет, эс алуучу жайларда улуу адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда балдар түн ичинде барууга тыюу салынган жайлар так көрсөтүлгөн. Алар спорт аянттары, көлмө, соода түйүндөрү, көңүл ачуучу жайлар, түнкү клуб, интернет, мончо, сауналар.
Демилгечилер мыйзам өспүрүмдөрдүн психикалык жактан, саламаттыгына, коопсуздугуна зыян келтирилишине жол бербөөгө багытталган дешет.
Саат ондон кийин кармалган балдар үйүнө же баккандардын колуна тапшырылат. Ал эми спирт ичимдигин колдонуп алган жашы жетелектер медициналык мекемелерге жөнөтүлөт.
Бул мыйзам бузган балага жооптуу жарандар 300-500 сом, кызмат адамдары 500-1000 сом, юридикалык жактар 1000-1500 сом айып пул төлөшөт. (TSh)