Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Кыргызстандык гимнасттар Испаниядагы мелдештен байгелүү келишти


Vitry Cup + Junior 6-эл аралык мелдешинин байге ээлери. 11-14-июнь, 2015-ж. Льорет -де – Мар. Испания.
Vitry Cup + Junior 6-эл аралык мелдешинин байге ээлери. 11-14-июнь, 2015-ж. Льорет -де – Мар. Испания.

Кыргызстандын жаш гимнаст кыздары Испаниянын Льорет -де – Мар шаарында өткөн Vitry Cup + Junior 6-эл аралык мелдешинде 17 медал утуп алышты. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда мелдеш 11-июндан 14-июнга чейин өткөн. Ага Орусия, Украина, Түркия, Эстония, Кипр, Испания, Словения ж.б. өлкөлөрдөн гимнасттар катышкан. Машыктыруучу Сауле Тлебалдинованын жетекчилигинде Кыргызстандын командасынан 5 жаштан 10 жашка чейинки курактагы 7 гимнаст катышып, 9 алтын, 4 күмүш жана 4 коло байге алышып бардыгы тең байгелүү келишкен.

Жамила Сыдыгалиева топ жана булава менен көнүгүү жасоодо эки алтын медал тагынды. Дания Игликова топ менен көнүгүү жасоодо алтын, алкак менен көнүгүү жасоодо коло байгеге татыды. Эрика Эрикова алкак менен жана буюмсуз көнүгүү жасоодо эки күмүш медал уткан. Арина Арапбаева буюмсуз көнүгүү жасоодо 3-орунду, скакалка менен көнүгүү жасоодо 1-орунду алган. Ким Марианна буюмсуз көнүгүү жасап күмүш медал тагынган. Эделя Касенова топ менен жана буюмсуз көнүгүү жасап эки алтын медалга ээ болгон. Саяна Сарынжиева буюмсуз көнүгүү жасап 1-орунду ээлеген. Жеңүүчүлөргө байгелерди көркөм гимнастика боюнча алгачкы олимпиада чемпиону Лори Фанг Мефорст тапшырды. (ECh/TSh)

XS
SM
MD
LG