Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Парламенттик шайлоого казынадан 767 миллион сом кетет


Бул бүгүнкү парламенттеги жыйын учурунда маалым болду. Анда Өкмөт күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого бюджеттик каражаттан 767 миллион сом жумшаларын кабарлашты. Мааламатка ылайык, 360 миллион Борбордук шайлоо комиссиясына бөлүнөт, ал эми 406 миллион сом Мамлекеттик каттоо кызматына бөлүнөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 1-ноябрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн 19-июнда депутат Абдыманап Кутушев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзамына кирип жаткан өзгөртүү боюнча шайлоо азыркы чакырылыштын конституциялык мөөнөтү өтүп жаткан айдын биринчи жекшембисинде болот. 5-чакырылыштагы депутаттардын иши 2010-жылдын 10-ноябрында башталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG