Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

АКШ сенаты Украинага аскерий жардам берүүнү колдоду


Украинага 300 миллион доллар суммасында аскердик жардам берүү резолюциясына Конгресстин жогорку палатасынын 71и макул, 48и каршы добуш берди. Бул каражат АКШнын 2016-жылга карата аскер тармагына пландаган 612 миллиард доллардан бөлүнүп берилмекчи.

Сенаторлор куралдуу жикчилдер менен күрөшүп жаткан Украинага, радиолокациялык каражаттарды, танкка каршы куралдарды жана башка техникаларды берүүнү сунуш кылды.

Андан мурдараак АКШнын Конгрессинин палата өкүлдөрү 2016-жылга карата аскердик бюджет боюнча мыйзамдын долбоорун кабыл алган.

XS
SM
MD
LG