Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Парламент 2015-жылдын бюджет долбооруна өзгөртүүлөрдү бекитти


Жогорку Кеӊеште бүгүн “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамына" өзгөртүү жана толуктоо киргизүү долбоорун жактырды.

Каржы министрлигинин маалыматында, республикалык бюджеттин кирешеси 111 млрд. 46 миллион 13,2 миң сомду түзөт, бул ички дүң өндүрүмдүн 25.4%. Чыгашасы 136 млрд. 573 миллион 120,1 миң сомду түзгөн, бул ички дүң өндүрүмдүн 31,1%.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 25 млрд. 327 миллион 106,9 сомду түзгөн, бул ички дүң өндүрүмдүн 5,8%. Бюджеттин тартыштыгын жабууга каржылоо булактары каралган. (TSh)

XS
SM
MD
LG