АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Виктория Нуланд, Орусиянын өзөктүк курал жабдыктарынын катарын жаңы баллистикалык ракеталар менен толтуруу боюнча Кремлдин билдирүүсү “шек жаратаарын” айтты. “Мындай билдирүүлөр адатта коомдук пикир жаратуу үчүн эле айтылат. Эгер биз Орусиянын бүгүнкү экономикалык абалын ала турган болсок, анчалык ойдогудай эмес”,-деди Нуланд Чехияда журналисттер менен жолугуп жатып.
Шейшемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин орус өлкөсүнүн курал-жарак арсеналы ушул жылы 40 континенттер аралык баллистикалык ракета менен толукталарын билдирген. Андан көп өтпөй Кремл куралдануу боюнча Батыш менен атаандашууга барбай турганын, бул Орусиянын экономикасына оорчулук жаратарын билдирген.