Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

ЕБ Крымга жана Севастополго карата санкцияларын дагы бир жылга узартты


Европа Биримдигинин экономика жана финансы боюнча кеңеши, Орусия тарабынан аннексияланган Крымга жана Севастополго карата бир жыл мурда киргизген санкциясын 2016-жылдын 23-июнуна чейин узартты.

Чектөөлөргө ылайык, Крымда жана Севастополдо жасалган продукциялар ЕБге киргизилбейт. Мындан сырткары Евромейкиндиктин аймактарындагы компанияларга жана жарандарга Крымдын экономикасына инвестиция салуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу жана бул аралдагы компанияларды каржылоого тыюу салынат.

Ошондой эле тыюу туризм тармагында да узартылат. Бул европалык лайнерлерге Крымдагы портторго барууга уруксат жок дегенди түшүндүрөт. Санкцияга ылайык, Крымга транспорттук, телекоммуникациялык жана энергетикалык технологияларды жана товарларды киргизүүгө, же нефть, газ жана башка минералдык ресурстарды казууда тыюу салынат.

ЕБдин атайын билдирүүсүндө бул чечим, Орусиянын Крымды жана Севастополду мыйзамсыз аннексиялап алуусун тааныбоо саясаты катары кабыл алынган.

ЕБ ушул сыяктуу эле санкцияларды Орусиянын 150 жаранына жана 37 компаниясына, Украинадагы аскердик конфликттерге аралашып жатканы үчүн айыптап кабыл алган. Бул санкция дагы узартылуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG