Орозо айынын башталышы менен коңшу өлкөдө кафеде, ресторанда жана чайханаларда жапырт ооз ачырууларды өткөрүүгө бийликтер тыюу салды. Бул эскертүү жарандарга жана коомдук жайлардын жетекчилерине тиешелүү экенин Ташкент шаарынын акими Шухрат Турдукулов мэриянын жыйынында эскертти. Ал муну моралдык туура эмес иш деп, буга диний лидерлердин уруксаты жоктугу менен байланыштырды.
«Азаттыктын» жеке булактары кабарлагандай, иптарга тыюу бир эле Ташкентте эмес, өлкөнүн башка аймактарында да киргизилген. Күч кызматтары ар бир кафе-ашканалардан орозо күндөрү “ооз ачыруу өткөрбөө” тууралуу түшүнүк кат жаздырууда.
Мындай тыюу Өзбекстанда жыл сайын киргизилет. Бийликтер расмий түрдө айтышпаган менен муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат көзөмөлгө алаары маалым.