Баңги затын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынын билдиришинче, үстүбүздөгү жылдын 18-июнь күнү Ош шаарында оперативдүү-иликтөө иштеринин жыйынтыгында «Хундай-Старекс» маркасындагы автоунаанын ээси кармалган.
1965-жылкы бул жаран мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен. Оперативдүү маалыматтарга караганда ал ушул тапта маңзат менен шугулданган кылмыш топтун мүчөсү болуп саналат. Анын автоунаасын тинтүү учурунда 9 килограммдын тегерегиндеги 15 баштыкчага салынган героин табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (AzK)