Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугу талкууланды


Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында 18-июнда өткөн Чек ара аскер башчыларынын кеңешинин 73-жыйынына Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы, полковник Раимберди Дүйшөнбиев баштаган делегация катышты.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери Борбор Азия регионунун сырткы чек араларындагы абалды, Ооганстандагы аскердик-саясий абалга байланыштуу чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары Тажикстандын Ооганстан менен болгон чек арасын бекемдөө боюнча бул өлкөгө жардам берүү боюнча кеңештин чечиминин аткарылышына көңүл бурулду.

Иш-чарада тараптар 2015-2016-жылга карата атайы чек ара операцияларын жүргүзүүгө даярдык тууралуу пикир алмашты. (AzK)

XS
SM
MD
LG