Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Балдардын эс алуусуна бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү


Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, быйыл жай мезгилине карата 638 мектептин алдында лагерь түзүлүп, анда 909 миң 530 бала эс алат. Ал жерде балдар эртең мененки саат сегизден кечки саат төрткө чейин болушуп, үч маал тамактанышат. Ар бир бала үчүн күнүнө 44 сом каралган.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаал министрлиги мектеп алдындагы лагерь жетекчилерине балдардын коопсуздугу боюнча бир күндүк сабак өтүп, эс алуу учурундагы жүрүм-турум эрежелери, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары тууралуу маалымат берген буклеттерди таратып берди.

Кыргызстанда 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны 1,5 миллионго чукул экенине карабай, лагерге баргандардын саны кыйла аз экени айтылып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG